Акыркы учурларда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков оппозициячыл саясатчылар, жарандык активисттер, социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан бутага алынып, анын спикердик ишмердиги катуу сынга алынууда. Мындай сындарда канчалык деңгээлде обьективдүү негиздер бар? Же алар күздөгү парламенттик шайлоолорго карата даярдыктын эле бир формасыбы? Анткени, бизде саясатчылардын гана эмес, жарандык активисттердин деле өздөрүнүн аман-эсен экендиктерин  жана дымактарын билдирүү үчүн дароо бийликтегилерге асылуусу көндүм көрүнүшкө айланып калган. Же чын эле ЖК төрагасынын иши ушунчалык эле начарбы? 

Ар нерсенин эки жагы болот. Спикердин жакшы жактарын алсак, ашыкча амбициясы, куйтулук жана кутумдук  сапаттары жок, колунан келишинче таза жана калыс иштөөгө гана аракеттенип келе жатат. Биздин парламентибиздин мурдагы тарыхында айрымдардын спикер болор замат мүнөздөрү өзгөрүп, дымактары артып, эң чоң кызмат адамдарына тийиштик кыла башташкан учурлары жетишерлик болсо, Дастан мырзанын антип креслосунда башы айланып кеткен учурларын көрө элекпиз. Ал мурдатан илбериңки, дайыма жадырап, ымалага, компромисттерге жакын адам болсо, мамлекеттик экинчи кызматты ээлегенден кийин деле ошол бойдон эле калды. Инсан катары анын маңдайынан эле бейчеки эч кимге жамандык кылбастыгы, кээде кызууланып кетсе деле ашкере катуу кетпестиги көрүнүп турат. Айрымдар анын ошол жагын пайдаланууга аракеттенишкен учурлар да болууда.
Кемчиликтерин айтсак,  ЖК жыйындарында кызуу талкуу учурларында кээде эмоцияга алдырып ийген учурлары болууда. Бирок бул аны өтө катуу сындаганга негиз эмес. Парламенттин табияты ушундай. Эмоционалдык абал өкүм сүрөт, курч пикирлер орун алат, талашып тартышуулар болот. Спикер кээде ашкере шашып кетет. Шашкалаңдыгынан айрым сөздөрдү туура эмес айтып жиберген учурлары да болду.  Маселен, аны жактырбагандар “Франкфурт на маянени” канча убакыт ырахаттанып талкуулашты. Биз аларга айтар элек, В.Ленин деле шашып сүйлөгөн, “р” “с” тыбыштарына тили так келбей калган учурлары көп болгон. Ал эми Жордж Буш – кенженин сүйлөгөндөгү жаңылыштыктарын Ф.Кастро жыйнап, бир китеп кылып чыгартса, Россиянын эң көп иштеген премьер-министри В.Черномырдин көп учурларда сөздөрдү, сүйлөмдөрдү аягына чыгарбай, жарымын жутуп койгондугу менен айырмаланчу. Орустар аларды жыйнап, бир китеп кылып чыгарышкан. Экилене күлүп, жыбылжытып кооз сүйлөгөн А.Акаев Кыргызстанды сызга отургузуп, качып кете берди. Бизге андай кооз сүйлөгөндөр эмес, ак, таза иштей тургандар керек. Ар кимдин сүйлөө манералары ар кандай болот, саясатчыларды сөздөрүнө карата эмес, иштерине жараша баалоо керек.
Дастан Жумабеков эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң жаш ЖК төрагасы катары өзүнүн милдетин негизинен татыктуу аткарууда деп ишенимдүү айтсак болот. Жаш болсо да  маселелерге обьективдүү карап, бир топко кошулуп кетпей ортодо калыс туруп, депутаттарды конструктивдүүлүккө, жаратмандыкка, калыстыкка чакыруу менен иш алып барууда. Эң күчтүү  бийлик бутагынын башында турган адам катары мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, Өкмөт менен Жогорку Кеңештин конструктивдүү кызматташуусуна жетишүүдө. Муну өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев да ЖК төрагасына жолдогон ыраазычылык катында белгиледи. “ЖК төрагасы ар дайым Өкмөттүн ишине объективдүү жана калыс баа берүүгө аракет кылат. Төрага өкмөттүн ишине баа берүүдө обьективдүү жана калыс болууга аракет кылат. Дастан Жумабеков маанилүү делген маселелерди парламенттин башкы трибунасында гана көтөрбөстөн, айтылган маселелер боюнча жумушчу процессте байланышканыбызда өкмөт башчы катары мага айтып турат”- деп айтылат катта. 
Бул ЖК төрагасы Д.Жумабековдун көз карандылыгы, же кээ бир депутаттар айтышкандай, өкмөткө адвокаттык кылып жаткандыгы эмес, бул анын өкмөттүн жооптуу жана эң татаал ишин жон териси менен туура түшүнүп, ага колунан келишинче жардамдашууга, конструктивдүү нукта кызматташууга болгон далалаты катары кароо зарыл. Эгерде спикер да кээ бир депутаттар сыяктуу акыл үйрөтүп, сындап, опузалаганга гана өтүп алса, өкмөт менен азыркыдай кызматташуу, өз ара түшүнүшүү болмок эмес. Өкмөт менен парламенттин ортосунда конструктивдүү кызматташуу болбой, тирешүү  жаралып, эл өкүлдөрү түгөл саясатташып жатып калышмак. Андан республикабыздын эл чарбасы, акыр аягында эл менен мамлекет гана зыян тартмак. Аткаруу бийлигинде туруктуулук болмок эмес. Жарыкчылыкта бирөөнү сындагандан, башкаларга акыл үйрөткөндөн оңой нерсе жок. Тилиңдин тепкесин алып таштап, эркине коё берсең  ал алладан бер жагындагыларды бир паста бетондогондой кылып шыбап таштайт. Адамдын ички дүйнөсү канчалык тайкы болсо, ал ошончолук  башкаларды сындагысы, акыл үйрөткүсү келе берет. Чоң акылдары барлардан эч качан жөндөн жөн сөз чыкпайт, кеңеш сурагандарга гана маданияттуу формада пикирлерин айтышат. Ошентип бир сөз менен айтканда, Дастан мырзанын спикерлик иши сынга эле эмес, салмактуу оң бааларга да татыктуу. Эмне дебейли, парламент чыр-чатаксыз, жаңжалдарсыз иштеп, мыйзамдарды, мыйзамдык актыларды убагында кабыл алып, зарыл маселелерди оперативдүү карап,  өз вазийпасын идеалдуу болбосо да ортодон жогорку деңгээлде аткарууда. Депутаттардын тартиптери да жакшырды. Мында анын спикери болуп иштеп жаткан Д.Жумабековдун да омоктуу салымы бар экендиги шексиз.

Булак: "Майдан.kg" газетасы