- Алмазбек мырза, депутаттардын бир тобу шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүүнү көздөшсө, бир канчасы 7 пайызга түшүрүү аракетин көрүп жатышат. Кыргызстанда шайлоо босогосу канча пайыз болсо адилеттүү болот?

- 7 пайыз албетте 9 пайызга салыштырмалуу жакшыраак вариант, анткени жаңы партиялардын келишине өбөлгө түзөт. Мен негизи  3% болсо деле макул болот элем, бирок Жогорку Кеңеш ага барбайт го бул сапар.

- Коомчулукта “шайлоо босогосу 9 пайыз болсо, партиялар биригет эле, майда партиялар чоң партияга айланмак”- деген пикирлер да арбын. Партиялар бириксе эле маселе чечилип калабы?

- Шайлоонун босогосун партиялар бириксин деп көтөргөндүн өзү туура эмес нерсе. 7 пайызга көтөргөндө да ошол эле максатты айтышкан. 2-3 партия бирикти эле, бирок кайра чачырап кетишти го. Бизде партия идеологиясы менен бириксе болмок, бирок биздин партиялардын идеология, партиялык көз караш, баалулук деген нерселер менен иши да жок. Биз партия деген оюнга жөн эле ойноп жатабыз. Ошон үчүн ар кайсы партиянын тизмеси менен бир эле адам ар кайсы чакырылышта депутат боло берет... Мисалы, бирөө жарым бир партиянын шайлоо тизмесинин биринчи 5тигине “мени киргизип койгула” деп 300 миң доллар алып келсе, “жок, сенин билим тармагына, экономика жаатына болгон көз карашың биздин партиянын программасына төп келбейт экен, ошол үчүн 300 миң долларыңыз да кереги жок, кечиресиз”- дегенди элестете аласызбы?
- Жок.
- Мен да элестетете албайм.

- Бирок, партиялык система деп отуруп, парламентти олигархтардын уюгуна айлантып алган жокпузбу?

- Партиялык системанын 10 жылдык тажрыйбасы эч бир натыйжа берген жок. Тек гана кыргыздар дагы бир шылтоо менен бөлүнүп калдык, тилекке каршы. Эң негизгиси, чыныгы партиялар чыккан жок, алар шайлоого гана керек болгон акционердик коомдор бойдон калып калды. Акционердик коомдун  жетекчиси ошол партиянын лидери! Ал негизги “устукан тараткыч”, кээде “бармагын жалап” коет. Партиялардын бирөөндө да ички партиялык демократия жок, финансысы жашыруун, жеке бир адамдын тегерегинде гана түзүлүп калышты. Азыр преференциалдык шайлоо кирсе партиялык ЖКдан такыр эле эки шыйрагы эле калат.

- Преференциалдык партиялык тизме менен  шайлоого бара турган болсок,  чыныгы лидер тандоого жол ачабы?

- Преференциалдык (ачык) партиялык тизме менен Жогорку Кеңешти шайласак албетте, бүгүнкү жабык тизмеге караганда ачык тизме төөлүк өйдө, чыныгы лидерлерди тандоого жол ачат... Бирок, кемчиликтери да бар. 
Биринчиси, гендерлик, жашы жана улуту боюнча квоталарды кармаш мүмкүн болбой калат. 
Экинчиси, бай адамдар гана келбесин деген негизги максат аткарылбайт, себеби бай адамдар мурунку системада партиянын өзүнө жана электоратына акча коротсо, жаңы системада электоратына гана коротот. Башкача айтканда, тескерисинче, бай адамдарга ыңгайлуу жана үнөмдүү система болот.
Үчүнчүсү,  кээ бир талапкер өз районунан маа демектен 80% шайлоочунун добушун алса да, республика боюнча ал партия шайлоо босогосунан өтпөсө, тигил адам депутат болбой калат. 
Төртүнчүсү, ачык тизме менен келген депутаттар партиялык позиция менен бирдиктүү добуш бербейт, жана бир мандаттуу бир региондун өкүлү да болуп бербейт...
Бешинчиси,  ачык тизме бир партияга ар кайсы региондордун байларын топтогонго шарт түзүп берет, ал тизме менен шайланган Жогорку Кеңеш бүгүнкүдөн да ашып түшкөн олигархиялык парламент болуп калышы мүмкүн. Бүт байлар бир партияга топтолсо ал партиянын да, ар бир ал олигархтын да шансы көбөйөт...
Алтынчысы,  эли көп региондордон көбүрөөк депутат шайланып калчу коркунуч бар. 
Жетинчиси, бул система же пропорционалдык, же мажоритардык болбой, экөөнүн тең кемчиликтерин чогултуп алышы мүмкүн... 
Ошон үчүн, күчтүү парламентти кантип куралы дегенди чечиш үчүн тек гана парламентти шайлоо системасы өзгөргөнү такыр жетишсиз. Парламенттин күчү мамлекеттик башкаруу формасына түздөн түз көз каранды... Ошол негизги маселени чечмейинче, парламентти кандай гана ыкма менен шайлабасаң да бүгүнкү күндөн жакшырып да, алсыздап да кетиши күмөн...

- Бул система менен чындап шайлоо болуп калса,  эл акчалууга эмес, патриотторго добуш берип коюшу да мүмкүнбү?

- Албетте, акчаны албай, байларды шайлабай, таза мекенчилдердин да доору келатат көрүнөт. Муну “Чоң Казаттын” мисалында айтсак болот. Бирок, баары бир финансы чоң ролду ойнойт, Америкада деле ойнойт. Менимче, парламент өкмөттү курабаш керек. Балээнин баары ошондон башталып жатат. Өкмөттү премьерсиз эле президент түзүп, жетектеш керек. Эгер ошондой системага өтсөк, анда ошондой күчтүү Президентке тең салмак боло турган Жогорку Кеңеш керек. Эң жөнөкөй система бул бир мандаттуу шайлоо. Ошондо санын да 60ка чейин түшүрсө болот. Партиясы жок эле түз эл шайлаш керек. Бирок, талапкерди партиялар да көрсөтсө болот деш керек. Ошондо эл күчтүүлөрдү тандайт баары бир, албетте байлар да болот. Андай ЖК күчтүү болуш үчүн ГКНБ менен Прокуратураны  парламенттин көзөмөлүнө коюш керек. Мына ошондо күчтүү жана стабилдүү, бир муштум болгон президент башында турган өкмөт чыгат, анын тизгинин тартып турган эл түз шайлаган Жогорку Кеңеш да пайда болот...

- Мүмкүн элдин маселесин чечиш үчүн же бир мандаттуу эле шайлоо ыңгайлуудур? 

- Бир мандаттубу, же партиялык тизме жакшыбы деген суроонун өзү туура эмес. Бул “сүт жакшыбы же жарма жакшыбы?”- дегендей эле суроо. Экөө тең жакшы. Маселе, качан ичилет, эмне менен ичилет, канча ичилет - ошондо. Парламенттин өзүнүн бийлик формасындагы ордун так жана ачык аныктап алмайынча, мындай суроого жооп издеш жарыбаган иш. Эгер, толук парламенттик системага өтсөк, президентти парламент шайласа, анда мааниси бар эле. Азыркыдай аралаш системада парламент күчтүү бийлик бутагына айланышы да күмөн. Себеби бүт эл шайлаган президент ар дайым моралдык укугу менен парламентке үстөмдүк кыла берет. Тескерисинче: толук президенттик система келсе (эл шайлаган президент премьери жок эле өкмөттү түзөт жана жетектейт), ошондо гана андай күчтүү Президентке тең салмак кылуу үчүн күчтүү Парламент керек! Парламенттин күчү өкмөттү дайындаганда эмес, аткаруу бийлигине оппонент болууда. Эгер толук президенттик башкарууга өтсөк, анда мүмкүн бир мандаттуу эле жол менен шайланып келген Жогорку Кеңеш керек. Анда анын санын алтымышка чейин түшүрсө деле болот. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы