Гезитибиздин өткөн санында Адахан Мадумаровдун инсан, саясатчы катары өтө эле деградацияланып калпты чындай, барды жоктой, жокту бардай кылып апыртып, бийликтегилерге курулай дооматтарды жаап, демагогияларын мурдагыдан да күчөтүп бараткандыгын жазганбыз. Бул ирет саясатчынын кечээ айтканын бүгүн танып, өзүнө өзү каршы чыккан абалга жеткенине күбө болуп отурабыз.
Адахан Кимсанбаевич акыркы убактарда оозунан эмне чыгып жаткандыгына деле көңүл бурбай калгандай. “Эл үчүн күйөм, керек болсо өлөм”- деп эле урунат, ал ушул жашка чейин деги эмне кылды? Убагында аябагандай чоң кызматтарда жүрдү, бирок эл үчүн оозго аларлык иш жасагандыгы жөнүндө уга элекпиз. Анын Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге видео кайрылуу жолдогону жөн эле жергиликтүү көчө саясатчыларына эсептелген эле фарс. Эл башы анын андай кайрылуу жолдогонун деле билбесе керек.
Өз кайрылуусунда ал Назарбаевден Россиянын Оренбург облусундагы Бузулук деген жердеги 483 кыргызстандыкты Казакстандын аймагынан тоскоолдуктарсыз өткөрүүгө колкабыш кылууну сураныптыр. Бул эми чындап келгенде кырдаалдан пайдалануу менен элге жагынууга, бийликти мокочо көрсөтүүгө, шайлоо алдында упай топтоого болгон гана аракет экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Андай маселе жеке адамдар аркылуу эмес, эки өлкөнүн ыйгарымдуу жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилерин, чет өлкө жарандарынын андай демарштарына казак бийлиги көңүл деле бурбастыгын бала деле билет. Мадумаровсуз деле кыргыз бийлиги Россиянын, Казакстандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек араларга топтолгон жарандар алынып келүүдө. Ага Мадумаровдун же башка көчө саясатчыларынын тиешелери деле жок.
Баарынан да анын “мен кыргыз бийлигине кайрылганымдан эч кандай жыйынтык чыкпагандан кийин жалгыз сизге кайрылууну туура көрдүм” дегени чектен чыккан наадандык. Анткидей Назарбаев кыргыздарга да элбашы беле?! Бул ыраматылык Төлөгөн Касымбеков айткан энесинин тонун сатып, сары чака алуунун так өзү! Бул эми кыргыз мамлекетин башка өлкөнүн алдында кемсинтип, ага жагынгандык. Ошол эле мезгилде Мадумаровдун бул сөзү Нурсултан Назарбаевди, казак бийлигин маскаралагандык да болуп эсептелет. Анткени, Казакстандагы коронавирус боюнча кырдаал биздегиден дурус эмес, тескерисинче оор, курч болуп баратат. Өз көйгөйлөрү баштарынан ашып жаткандарга жардам сурап кайрылуу - аларды шылдыңдоо катары гана кабылданат.
Экинчиден, Кыргызстан суверендүү мамлекет, өз жарандарын мекенине алып келүүгө дипломатиялык да, укуктук да, каржылык да мүмкүнчүлүктөрү жетет. Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселелерди четинен чечүүдө. Баарын заматта чечип койгонго Өкмөттө сыйкырчынын таягы же ашып-ташкан каржылык ресурстар болбосо эмне кылабыз. Пайгамбарчылык аста-аста дегендей кездеги менен ички, сырткы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен чечилүүдө. Аны Адахан мырза билгиси келбесе, биз, эл көрүп, билип турабыз.
Жогоруда Мадумаров А.Акматовго берген интервьюсунда “коронавирус – бул оюн, кыргыз бийлиги сабатсыздыгынан ал оюнга кошулуп алды”- деп айгай салган, элди карантиндик талапты бузууга чакырган. Эми ал айткандарын унутуп, мекендештерибизди илдеттен сактоо керек деп бакырууда. Ал үчүн казак бийлигинен жардам сурап кайрылууда. Анын сөздөрүндө эч кандай логика жок болуп атпайбы! Деги эл кайсы Мадумаровго ишениши керек? Биздин оюбузча, Мадумаровдун эки жүздүүлүгүнө, анын иштери түгүл сөздөрүндө деле логиканын жоктугуна ишенүүгө болот.
Мадумаров кайрылуусунда ыйык Рамазан айын бир топ жолу оозанды. Рамазан айында соопчулук иш кылышын суранды. Орозодо бирөөлөргө жалаа жаап, жалган айткан оор күнөө болот.
Адахан Кимсанбаевич, эгерде колуңуздан келсе, сиз да Рамазан айында жалгандарыңызды, демагогияларыңызды токтотуп, элди илдетти биргеликте жеңүүгө, көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырыктарды жасап соопчулук иштерди жасасаңыз. Ал колуңуздан келбесе, жок дегенде апааттан аман эсен өтүп алгыча тилиңизди тишиңизге басып туруңузчу. Ошондо кыргыз элине аз да болсо пайдаңызды тийгизет элеңиз.
Булак: "Майдан.kg" газетасы