Чындыгында алар Москва, Екатеринбург, Новосибирск сыяктуу ири шаарларда турушса, аларды чартердик авиакаттамдар менен чыгарып кеткенге жеңил болмок. Ал эми Соль-Илецк менен Бузулуктан бери авто каттамдарды уюштуруу авиакаттамдарды уюштургандан алда канча татаал экендиги талашсыз. Анткени, чартердик каттамдар үчүн аба жолдорун бардык эле мамлекеттер ачып бергени турушат, 8-10 миң метр бийиктикте коронавирустун таралуу коркунучу жок, ал эми автоунаалар илдетти таркатуучу каражаттардан, анын үстүнө автоунаалардагылар түштөнгөнү, табийгый ж.б. зарылчылыктар үчүн токтогондо кошумча коркунучтарды жаратпай койбойт.
Көрсө, Кыргызстандын Россиядагы жарандарына ватсап, социалдык түйүндөр аркылуу “Оренбургдун Казакстан менен чектешкен жерине топтолгула, ал жерден бери автобустар менен алып келебиз”,- деп чакырыктарды жөнөтүп, ал жакта калгылары келгендерди да оолуктуруп дүрбөтүп жаткандар болуптур, анын анабашчысы өзүн НПОлордун жетекчиси, алда качан жабылган бир гезиттин башкы редактору деп атап алган Токтоайым Үмөталиева экен. Бул эжекебиздин башка өлкөлөрдүн расмий бийлик органдары менен сүйлөшкөнгө кенедей да ыйгарымы, таасири жок. Кошуна өлкөлөрдүн, Россиянын жетекчилери НПОшниктерди жиндеринен жаман көрүшөрүн, алар менен сүйлөшпөй тургандыгын бешиктеги бала деле билет. Бирок, Токтайым апчебиз Россиядагы Кыргызстандыктарга жалган маалыматтарды таркатып, аларды кыйнаганы аз келгенсип, “чет жактардагы жарандарды жалаң мен ташытуудамын, Россиянын, Казакстандын жетекчилеринин жардамчылары мага гана ишенишип, мени менен гана сүйлөшүүдө”,- дегендей мазмундардагы “ала өрдөктөрдү” да учурууда. Эжекебиз биринчи качкын президенттин баласынын тажиясына Москвага барып келгенден кийин да “Курманбек Бакиев менен Аскар Акаев ажырагыс достордон болуп кетишиптир, алар менин көзүмчө да телефондон сүйлөшүп жатышты. Анан Москвада жүргөндөр Айдардын кыркын Бишкекте өткөргөнү жатышат, бийликтегилерден бирөө тоскоолдук кылса, аларга көрсөтүшөт”- деген тымызын опузалуу өрдөктөрдү да учурткан. Өнөр жайыбызды, айыл чарбасын түп тамырынан талкалап, Кыргызстандын элинин бир бөлүгүн тентиткен Акаев болсо, ага кайдан мандикерлердин боорлору оорумак эле. Ал инсан үй-бүөсү менен таламай-тономойдо бардыгынан ажырап жакырланып, чет өлкөлөрдөн нан таап жегени кеткендердин эч кимисинде аёону, жылуу сезимди пайда кылбастыгы талашсыз.
Т.Үмөталиеванын мурдатан апыртмаларды, жапыртмаларды көп айтып келгендигин, бир ЖОЖдо 20 жылдай иштеп жок дегенде илимдин кандидаты боло албай, лаборанттык деңгээлдеги жумуштарда жүрүп, акырында НПОшниктердин катарына кошулгандан кийин акыл үйрөткүч болуп чыга келгендигин жакшы билебиз. Анысына деле каршылыгыбыз жок, ар ким колунан келгендин аркасы менен күн көрөт, бирок жалпы элге келген апаатты да саясатка айландырып, андан да пайда табууга аракеттенип жаткандыгы кечиримсиз көрүнүш.
Ал жогоруда айтылган ыкмалар менен Россиядагы кыргызстандыктарды ар жерлерге жыйнап, анан мекендештерибиз Кыргызстанга келе албай азап-тозокторду тартышууда деп чуу салып, Өкмөт алар үчүн чартердик каттамдарды, автобустарды уюштурса, аларды “мен кылып жатам”- деп көкүрөгүн ургулоодо. Өкмөттү, тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде иштегендерди алы жетишинче жамандап атат. Анын шыкактоосу менен бир катар белгилүү жарандарыбыз өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылууларды да жасашууда. Ал ишти өздүк көркөм чыгармачылыкка, ашкере ызы-чууларга айландырып, айрым жарандарыбызды ар жактарга убара кылып, жөндөн жөн эле кыйноонун зарылчылыгы жок болчу. Ал иш мамлекеттик деңгээлде Кыргызстандын каржылык, обсервациялык мүмкүнчүлүгүнө жараша чечилип жаткан. Апчебиз жөн жерден куюшканга кыпчылып, жарандарыбызды гана кыйноодо.
Азыр чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөндөр 700-800 миңдин тегерегинде. Көпчүлүгү иштеп жатышат, карантиндик чектөөлөр бүтсө, калгандары да иштей башташат. Алардын басымдуу көпчүлүгүнүн Кыргызстанга келели деген деле ойлору, алардын баарын ташып келгенге Кыргызстандын каржылык мүмкүнчүлүгү да жок. Биз эмес ар облусуна бирден атайын оорукана курган Россия да чет өлкөлөрдөгү жарандарын, ток этерин айтсак латын Америкасындагыларын ташып келе албай жатат. Анткени, келгендер сөзсүз обсервациялык фильтрден өткөрүлүшү зарыл. Ал орундар да чектелүү. Ал эми Токтайым Үмөталиева баштагандар сыртта жүргөн жарандарыбызды гана эмес, бийликтегилерди да кыйноого гана аракеттенип жатышат. Сыягы, “жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей, канча жолу шайлоого катышса да 0,5 пайыздан ашык добуш албаган апчебиз, рейтингин мигранттардын арасында ушул ыкма аркылуу жогорулатып, бул жолу парламенттик шайлоого катышкысы келип жатса керек. Бирок, аны кайсыл партия тизмесине кошор болду экен?
Булак: "Майдан.kg" газетасы