Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1350 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 20 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми, жалпы айыккандардын саны 949 адамды түзөт. Эскерте кетсек Кыргызстанда 14 адам бул илдеттен каза тапкан.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 6 адам + Санкт-Петербургдан келген 3 адам;
- Чүй облусунда 1 адам (Соль-Илецктен келген);
- Нарын облусунда 21 адам;
- Ош облусунда 6 адам.