Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнөн коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

120 киши текшерүүгө алынып, алардын 14нөн COVID-19 аныкталган.

- Алардын арасында 1 дарыгер, 2 медайым жана дарыланып жаткан 8 бала менен 3 эне бар, - дешти алар. Инфекциянын булагы алдын ала аныкталды. - Эпидемияга каршы бардык иш-чаралар уюштурулду. Обсерватор дарядалып, атайын дарылануу алып жаткан балдар үчүн атайын бөлүм даярдалды.

Коронавирус жуктурган дарыгерлер инфекциондук ооруканага жаткырылганы белгиленди.

Булак: vesti.kg