Бирок дээрлик бардык аймактарда ишке кире элек. Анын себеби түшүнүктүү. Анткени мал алууга барган адамдар кайра эле кооптуу кырдаал түзүп коеру белгилүү. Карантин мезгилинде элди эт менен камсыз кылуу көп деле көйгөй жараткан жок. Бирок мал базарлардын иштебей жатканы эт эле эмес, мал алып багуу, улоо сатып алуу сыяктуу иштерге кедергисин тийгизди.
Ош облусунда тоолуу аймак катары Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору бар. Эгерде мал базарды иштетүүгө уруксат бериле турган болсо, тоолуу аймактардан мал алуу үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан чогулуп, эл бири-бири менен аралашып кетет да, кооптуу кырдаалды кайра түзүшөт. “Ошондуктан мал базарды ачууга азырынча уруксат берилбейт”,- деди тоолуу Кара-Кулжа районун акими Пиримберди Дыйканов.
Анын үстүнө “райондорго каттоого уруксат болбогондуктан, мал базарды иштетүүгө азырынча негиз жок”- деген чечим кабыл алынганын Өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да билдирген.
Ош облусунда мал базар күнүгө болот. Мисалы: биринчи күнү Кара-Кулжа районунда өтсө, экинчи күнү Өзгөндө, андан кийинки күнү Ош шаарында болуп атып, жуманын ар бир күнү ар аймакта мал базар токтобойт. Мындан улам облустук бийлик мал алып-сатууну тармагын тартипке салуу боюнча атайын пландарды ишке ашырганы жатышат.
“Облуста ар бир күн мал базар болуп келген. Кайсы күнү кайсы жакта мал базар болбосун, ал жакта автотыгын пайда болуп, баш аламандыктар болчу. Мал уурдоого да шарт түзүлүп аткан. Азыр муну тартипке келтирүү боюнча аракет кылып атабыз. Жумасына эки күн: ишемби жана жекшемби күндөрү гана иштей турган кылсакпы деп атабыз. Анан мал базарлардын кожоюндары ушуга көнсө, уруксат беребиз, а көнбөй турган болсо, анда уруксат берилбейт”,- деди Узарбек Жылкыбаев.
Булак: Майдан.kg газетасы