Анткени, Ош шаарында “Өзгөчө абал” режими бүтөөр алдында, тактап айтканда, 29-апрелден кийин дээрлик 10 күндөй коронавирус менен бир да жаран катталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарындагы координатору Кыялбек Ташболотов: “шаарда 2 күндөн кийин вирус менен ооруган жаран калбайт, баары айыгып чыкты”,- деп айткан 11-майдан көп өтпөй, кайра катталды.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев уруксат берилген обьекттерди өзү кыдырып чыгып, эки чоң курулуш компанияларынын жумушун токтотту. Анткени аларда жумушчулар эч кандай эрежелерди сактабай, иштеп жатышканына күбө болгон.
Ал эми тургундар коронавирустун жайылышына жоопкерчиликсиз мамиле кылгандай болууда. Анткени шаардын аймагында коюлган блок-посттордун баарында, күн сайын ири жол тыгындар пайда болуп, уруксат кагаздары жок болсо да, эрежеге баш ийбегендер көбөйгөн. Азыр шаарда автоунаалар көчөлөргө толуп калды. Арасында жөн гана шаар айланып жүргөндөр да кездешет.
Жарандардын көпчүлүгү блок-посттордон өтүү үчүн туугандарын жана кызматтагы тааныштарын ортого салышаары айтылууда. Ошондуктан ар бир экинчи айдоочу менен посттогу кызматкерлер ортосунда пикир келишпестиктер жаралып жатат.
Шаар ичине 15-майдан баштап кошумча көчмө посттор дагы уюштурулду. Антпесе жаңжалдардын аягы үзүлбөй, кырдаалды жөнгө салуу кыйынга турат.
Тартипти бекемдөө эң оболу жарандарды үйдө болуп, коопсуздукту сактоого үндөө үчүн жарандык коргонуу штабы да иштеп жатат. Милициядан билдиришкендей, эгерде жарандар посттордо мыйзамдарга баш ийбей, эрежелерди так сактабаса, айыппул салуудан баштап, эркинен ажыратууга чейинки жазаланат. Ошондой эле, посттогу кызматкерлер мыйзам чегинде иш алып барбаса, кызматынан бошотулат. Алардын алгачкысы 2 күн башта уят сөздөр менен сөгүнүп, жарандарга адепсиз кайралган милиция кызматкери кызматынан алынды.

Булак: "Майдан.kg" газетасы