Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдерине байланыштуу көптөгөн кыргызстандыктар кирешесиз отуруп калышты. Бирок, жарандарды окуу, турак-жай акыларынан жана башка төлөмдөрдөн эч ким бошоткон жок.
Vesti.kg сайтынын редакциясына Кыргызстандын Эл аралык университетинде билим алган студенттердин ата-энелери кайрылып, окуу жайдын жетекчилиги түзүлгөн кырдаалга карабастан 25-майга чейин окуу акысын төлөөнү талап кылып жатышканына арызданышкан.
- Деканаттар контракт төлөбөгөн студенттер экзамендерге киргизилбей, ал тургай окуу жайдан чыгарыларын айтып жатышат, - деп арызданышкан тынчсызданган ата-энелер.
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы буга чейин өлкөнүн жогорку окуу жайларына окуу акыларын төлөө мөөнөттөрүн жылдыруу сунуштары берилгенин Vesti.kg сайтына билдирди.
- Үй-бүлөлөрүндө оор кырдаал түзүлгөн студенттер үчүн окуу акысын төлөө мөөнөтүн жылдыруу сунушу берилген, - дешти алар. - Мыйзам боюнча окуу акысы - бул билим алуучу менен уюмдун ортосундагы келишим. Бул бюджеттик каражаттар эмес, башка мыйзам нормалары иштейт. Жогорку окуу жайлары менен студенттер өздөрү ымалага келиши керек.
Булак: vesti.kg