Кыргыз эли оор жоготууга учурады. 84 жашында КР Эмгек сиңирген куруучусу, коомдук ишмер Кыргызбай Бакиев дүйнөдөн кайтыш болду.

Кыргызбай Бакиев басып өткөн жолун бүтүндөй элге арнаган, өз кесибин сүйгөн, атуулдук ариети бийик, билимдүү инсан болчу. Мунун таасын далили катары көзүнүн тирүүсүндө эле эмгегинин эске алынып, ысымынын Сузак районундагы №62-орто мектепке ыйгарылгандыгын айтып кетсек болот. Ал ар дайым өзүнүн милдетин айбийирдүүлүк менен аткарып келди, ошол эле учурда жардам сурап кайрылган адамдарга ар дайым кол сунган чанда кездешкис адамгерчиликтүү инсан болчу. Бүгүнкү күндө да К.Бакиевдин жетекчилиги астында курулган социалдык маанилүү имараттар, мектептер эл кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып келүүдө.

Кыргызбай Бакиев 1936-жылы Сузак районундагы Карамарт айылында туулган. Билими жогорку, 1961-жылы Ташкенттеги темир жол транспорт институтун бүтүргөн.

Эмгек жолун 1955-жылы мастер болуп иштеп баштаган. Кийин Ош областтык керек-жарак коомунун курулуш уюмунда, Базар-Коргондогу жана Ала-Бука райондорундагы ПМКлардын начальниги, “Союзпромтеплиц” трестинин курулуш уюмунун жетекчиси, Жалал-Абаддагы курулуш деталдар комбинатынын директору болуп эмгектенген. 1994-97-жылдары Жалал-Абад областтык социалдык жактан коргоо башкармалыгын жетектеген.

Анын жетекчилиги астында Кызыл-Кыядагы консерва заводу, Жаңы-Жол, Лейлек, Өзгөн райондорундагы мектептер, маданият үйлөрү, универмаг, балдар бакчалары, Жалал-Абад шаарында областтык керек-жарак коомунун өндүрүштүк базасы, универсалдуу соода базасы, консерва заводу, жыгачты кайра иштетүү заводу, теплицалардын курулушу, областтык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын имараты ж.б. бир катар маанилүү объектилер курулган.

Эл алдында сиңирген эмгеги үчүн Россия, Өзбек Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Курулуш тармагында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу” наамын алган. Жалал-Абад шаарынын жана Ала-Бука районунун Ардактуу атуулу. Бир нече жолу областтык, райондук кеңештерге депутат болуп шайланган. 1997-жылы Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген чоң эмгеги үчүн ардактуу пенсияга чыккан.

Көп жыл Кыргызстан элдер ассамблеясынын Жалал-Абад областтык бөлүмүн жетектеген.

Кыргызбай Бакиевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүктүү сакталат. Басып өткөн жолу азыркы муунга ак ниеттүүлүктүн, мекенчилдиктин үлгүсү катары калат.

Маркумдун бир туугандарына, уул-кыздарына бул орду толгус жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Бардык бир туугандардын атынан - Бакиев К.С.