Жакында Россиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан келип, “Манас” аэропортунун “Ганси” обсервациясында жаткандар тополоң чыгарышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Андан мигранттардын медицина кызматкерлерине таш ыргыткандыгын да көрүүгө болот.
КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, Соль-Илецктен келген кыргызстандыктар медиктердин талаптарына баш ийбей коюшкан.
“Ал жайда жаткан жарандар өздөрүн агресивдүү алып жүрүшөт. Дарыгерлерге кол салган фактылар да катталды. Тез жардам кызматынын өкүлдөрү дагы жабыркады, медиктердин кийимдерин айрып, Тез жардам унаасын оодарууга да аракет кылышты. Министрликтин өкүлдөрү ал жакка чыгып кетти”,- деп айтты министрдин орун басары.
Ал эми обсервацияда жаткандар дарыгерлерди Соль-Илецктен келген жарандардардан коронавирус чыкканына карабай, алар менен кошо келгендерди үйүнө чыгарып жиберген деп айыпташты. Мындан улам алар башкаларды дагы коё берүүнү талап кылышкан.
Ал эми ички иштер министринин орун басары А. Орозалиев бул маселе боюнча парламентте “Жарандарга туура эмес маалымат тараган. Алар мурдагы күнү ооруканага алып кеткендер чыгарылып жатат деп ойлошкон. Алар түшүндү. Азыр документ чогултуп, чара көрүлөт”, - деп түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, Соль-Илецктен 7-майда 541 кыргызстандык келген. Алардын ичинен 104 адамдан коронавирус аныкталган.
Булак: Майдан.kg газетасы