Мыйзам боюнча бала төрөгөн эне эле эмес, анын атасы да декреттик отпускага чыгууга укугу бар экендиги мурда деле айтылып жүрчү. Албетте, мындай документ эмчектеги баланы багып чоңойтуу, тарбиялоо үчүн атасы да милдеттүү деген жагдайдан улам болсо керек. Бирок эмнегедир бул мыйзам баардык эле балалуу болгон эркектерге карата колдонулбай, бир гана прокуратура органдарында иштеген эркектер айлап, жылдап декреттик отпускага чыгып жүргөндүгү бир нече жыл мурда коомчулукта талкууланып, кайра басылып калган.
Бул маселе ушул жумада КРнын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов өткөн жылдагы прокуратуранын аткарган иши тууралуу отчет берүү үчүн парламентке келгенде кайра көтөрүлдү. Көрсө, башка күч органдарынын эркек кызматкерлеринен айырмаланып, прокуратурада иштегендер жаш баласын кароо үчүн көбүрөөк декреттик отпускага чыгышат экен. Бул тууралуу 18-майда ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияны ооздуктоо комитетинин жыйынында депутат Урматбек Самаев айтты. Анын маалыматы боюнча, мисалы Токмок шаардык прокуратурасында иштеген бир эркек кызматкер үч жылга декреттик отпускага чыккан. Депутат андан ары башпрокурордон 2019-жылы канча прокурор баласын кароо үчүн отпуска алгандыгын сурады эле, ага Өткүрбек Жамшитов үч кызматкери декреттик отпускага чыккандыгын айтып жооп берди. “Мыйзам боюнча биз кызматкерлерибиздин мындай арызынан баш тарта албайбыз. Кызматкерлерибиз келишип: “Келинчегим төрөдү эле, бирок жумушка чыгып алды, балабызды караганга эч ким жок”,- деп туруп алышат, “Биз аларга “жок” деп айта албайбыз”,- деп жер карады.
Ооба, балдар биздин эле эмес, мамлекетибиздин да келечеги. Аларга татыктуу тарбия берүүгө ар кимибиз милдеттүүбүз. Тилекке каршы эмне үчүн жеке менчик мекемелерди мындай эле коёлу, башка мамлекеттик органдарда иштеген эркек кызматкерлер да наристесин багуу үчүн декреттик отпускага чыкса болбойт?
Булак: Майдан.kg газетасы