Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин байланышта болгон төрт кызматкерде чыккан, бүгүнкү күндө дагы үчөө табылды.
— «Бардыгын тең лабораториялык жактан тастыкталды. Байланышта болгондор калып калбасын деп бүт текшерилип жаткан. Жаңы жуктуруп алгандар атайын дарылоого алынды. Байланышта болгондор дагы иликтенип жатат«, — деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1270 адамга жетти. Алардын ичинен 910 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.
Булак: Маралфм