“Сезондун башталышында Саламаттык сактоо менен туризм министрлиги биргеликте кандай шартта эс алууга болорун иштеп чыгат”, - деди Боронов.

Кыргызстанда туризм - республикалык бюджеттин жана элдин киреше булактарынын бири. Мамлекеттик статистикалык комитеттин 2019-жылдын биринчи кварталында чыгарган маалыматына ылайык, өлкө боюнча туризм тармагында кызмат көрсөткөн 112 миң субъект катталган. Жылына өлкөгө 7 миллионго жакын турист келет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча быйылкы туристтик сезон 80% төмөндөйт.

Коронавирус пандемиясы маалында Бишкектеги туристтик агенттиктердин 17% жабылып калса, дагы 40% жабылуу коркунучунда турат. Ишмердүүлүгү толугу менен токтоп калган турфирмалар өкмөттөн жардам күтүп жатканын айтып чыгышкан. 

Булак: Азаттык