Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1270 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде  12 бейтап айыкты. 

Ошону менен өлкөдө жалпы 910 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды. 

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 4 адам;

- Чүй облусунда 1 адам;

- Нарын облусунда 19 адам;

- Ош облусунда 2 адам.

- Ысык Көл облусунда 1 адам.