Бул тууралуу 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Боронов белгилегендей, автобус, троллейбус жана кичи автобустар ишке кирише баштаса болот. Бирок уруксат шаар ичинде каттагандарга гана берилет.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда алгач кичи автобустарга, кийин автобус, троллейбустарга жүргүнчү тейлөөгө убактылуу тыюу салынган болчу.
Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап айыгып кетти.
Булак: Азаттык