Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, «Семетей» обсервациясына Соль-Илецк шаарынан келген 541 жаран жайгаштырылган. Алгач алардын арасында 58 адамдан коронавирус аныкталган. Мындан улам Соль-Илецктен келгендердин арасында дагы бир ирет лабораториялык изилдөө жүргүзүп туруп, андан соң үй карантинине чыгаруу каралган. Бир жумадан кийин текшергенде дагы 43 адамдан коронавирус аныкталган.

«Кечээ, 18-майда обсервациядан чыга турган күн болгон. Экинчи ирет алынган тесттин жыйынтыгы таза чыккандарды чыгара баштадык. Бишкек жана Чүй облусунда жашагандардын баары чыгарылып, үйлөрүнө жеткирилди. Соль-Илецктен келген 541 жарандын 474ү чыгарууга даярдалды. Алардын баарынан үй карантиндин эрежесин сактайбыз деген милдеттенмелерди алганбыз. Ошондой эле атайын телфондоруна тиркеме жүктөдүк», — деди министрдин орун басарыю

Үсөнбаев билдиргендей, коронавирус табылган 43 адам менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылган. Бүгүнкү күнгө карата 3 адамдан коронавирус аныкталган .

Жалпы Соль-Илецктен келгендердин арасында COVID-19 жуктуруп алган 104 учур катталды.

Эске сала кетсек, «Семетей» обсервациясында жаткандар чыр чыгарып, аларды үй карантинине чыгарууну талап кылган. Ызы-чууну туура эмес маалыматтарга ишенген жарандар чыгарган. Үсөнбаев алар министрлик тарабынан бекитилген алгоритмге ылайык иш алып барарын айтып, ызы-чуу салса эле кое берет экен деп түшүнүү туура эмес экенин билдирди.

Булак: Элгезит