Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Ведомстводон кабарлашкандай, 24-май Орозо айт майрамы жекшембиге туш келгендиктен Эмгек кодексине ылайык кийинки жумушчу күнү эс алуу болот.

Ошентип, 5 күндүк иш график менен иштегендер үчүн 23-24-25-май, ал эми алты күндүк иш графиги менен иштегендер үчүн 24-25-май эс алуу күндөрү болуп саналат.

Булак: Кабар