Бул макаланы жазууга Индия мамлекеттинин 29 миллион калкы бар Мумбай провинциясындагы быкпырдай кайнаган элдин жашоосун көрсөткөн интернет булактары себепчи болбодубу. “Ушинтип да жашаса болот экен”- деген таң калуум минтип отурса адам баласынын жашоосу кандай болот деген туңгуюк ойго жооп табалбай түйшөлдүм. Чын, адам баласынын келечегине кам көрүү адам санын көбөйтүү менен чектелип жаткандай. Ушинтип отурса адам куну тыйынга арзыбаган кепке айланбайбы дейсин.
Эртеңки күндүн кандай болоорун эске албай тообокел жашоого бараткандын өзү коркунучтуу эмеспи? Мына ушул жерге улуу ойчул, астролог Мишел Нострадамустун 21-кылымга берген мүнөздөмөсүн аргасыз оозго алууга мажбур болдум. “21-кылым адам баласы тарабынан да, табийгат тарабынан да өтө опурталдуу келип, ага адам баласы акылдуулук менен мамиле кыла алса гана жер амандыгы, адам амандыгы жашап кете алат” дегени. Мына жыл башында эле Автстралия континентин алты ай бою өрт каптаса, жакында Кытайдан башталган “Таажы вирус” оорусу дүйнөнү каптап, жакшы, элдин, адамдардын бактысына өнүккөн медицинанын чоң жардамы элдин массалык кырылуусунан сактап калды. Мишел айткандай табигый кырсыктарга адам баласынын акылдуулук менен жасаган мамилеси эмей эмне. Мындай кырсыктардын далайын адам баласы тээ илгертеден тагдыр-таалайларына кайыл боло тартканча тартып, медицинанын алсыздыгынан эл, мал жандыктар кырылып, адам үнүн укканга зар болгон азаптуу күндөр жер бетинин жашоочуларын канча жолу каптаган. Мына, дүйнө адамдарын үч жыл бою кыргынга учуратып 100 миллион адамды мойсогон Испан вирусу 1917-18-19 жылдары болуп өткөндүгү тарыхта маалым. Ал эми кыргыздарды кыргынга учураткан 1916-жылкы жерге кызыл топурак жааган мапаа жылын ушул күнгө чейин эл оозунда кеп болуп келет.
Илгери такыба карылар адамдын көбөйгөнүн карап, “паймана толду, бул жамандыктын, кыямат кайымдын белгиси. Ылайым эле жакшылыка жооруйлу, аңтар теңтер жаман күндү элдин башына салбасынчы”- деп тилешчү. Такыба карыялардын пайманасы адамдардын быкпырдай кайнап көбөйүшү жакшылыка алып барбайт дешкен экен. Мына, адамдардын эсепсиз көбөйүшүнө бир эле мисал. Бул дагы 29 миллион калкы бар Мумбай провинциясында жашаган индустардын адам таң каларлык жашоосун көрүп отуруп, “ушинтип да жашаса болот турбайбы”- деген таң калуум - мурда уксам да мынчалык адам акылына сыйбаган көрүнүштөрдү көрүп отуруп, “адамдын эсепсиз көбөйүүсү акыры барып ушундай ит жашоого алып барабы?”- деп, сөз алдымдагы быкпырдай кайнаган жашоо элестери түн уйкудан бездире ойлонтчу болду. Ушул Мумбайга караштуу 3 чакырымга жетпеген кыштакчада 1 миллион эл жашайт деген. Ал эми бир эле ажатканага бир күндө 1400 адам кирип чыгат деген акыл ишенбеген көрүнүш. А биз Индия кинолорунан дворец үйлөрдө жашаган бай адамдардын жашоосун көрүп суктанат экенбиз. А мындай карапайым адамдардын жашоосунан интернет аркылуу кабардар болуп жатпайбызбы. О мурда бир досум Индияга бир жумуштар менен барганын, андагы адамдардын жашоосунун ушунчалык начардыгын айтса ишенген эмес элем. Мындай көчөдө туулуп, көчөнү башпаанек кыла жашап, акыры бир күн көчөдө кайтыш болгондор бар экен десе, койчу, адам деген ушу биздей эле жашасалар керек деп жүрүп, минтип интернет булактарынан көрүп, анан ынанбадымбы. Туура, бирөөлөрдүн кандай жашоо кечирип жатканына кийлигишпе дегендей чет өлкөлүктөрдүн андай мындайына сөз айта кийлигишүүгө эч кимдин акысы деле жок. Бирок быкпырдай кайнаган жашоону көрүп туруп “булар айбан эмес, адам го, адам болуп туулгандан кийин адамча жашоого укуктуу го” деп, “айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” дегенге барып жатпайбызбы. Жогорттогу такыба карылардын паймана толдусу, “кыямат кайымга жакындап калдык”- деген тынчсыздануусу ушундайлыктан турбайбы деп каласың. А бул чоң мамлекет Индия десең ага кошуна жашаган кичинекей Пакистан мамлекети ушу күндө чоң держава Россияны артка таштап, 260 миллионго жетип дагы ушунчага көбөйөбүз деп жаткан чактарына не дейсин. Али улуу ойчул Мишел Нострадамустун “Интуис” китебинде адамдарга берген мүнөздөмө сөзү азыркы акыл эстүү адам баласына берген мүнөздөмөсү мындай 500 жыл мурда эле айтылып, жазылып калтырылыптыр. “Адам баласы канчалык акылдуумун, эстүүмүн деген менен 100 пайыз адамдын 90 пайызы ар кандай фанаттык көз караштарга дароо эле азгырылып, 100 пайыздын 10 пайызы гана өзүнүн айтып деген көз карашынан тайбаган оптимист адамдар болушат” дегени аргасыз эске түшөт. Муну мен неге мисалга тарттым. Мен айтпасам да фанатизмдин курмандыктары айланып бараткан карапайым, түшүнүгү тайкы, бирөө айтса ошого ишенип, ошо адамдардын азгырыгына алдангандар мындай кой, эл оозундагы аттуу баштуу, билимдүү десе билимдүү, ал тургай эл башкарган адамдардын күлкү келерлик жоруктарына, айткан сөздөрүнө азгырыла чын эле ушундай окшойт деген фанат адамдарга не дейсиң. Мисалга мен эле эмес бүтүндөй кыргыз элине маскара боло өзүн кудаймын деп чыккан Арстан Алай деген дөөпөрөс акмак “коронавирус оорусун мен Кытайга жөнөттүм” деп жөөлүгөнүнө канчоосу чын эле ушундай окшойт , жөн жайынан айтпайт деп ишенип алышты. А кудаймын деген Арстан Алай өзү беткап кийип отурат деп маскаралап чыгышпадыбы. А алты жыл кыргыз элин башкарган Алмазбек Атамбаевдин жаш балдардын оюнун уюштуруп, “Кой-Таш Республикасын түзөм” деген тоокчо акылы жок фанаттык көз карашына не дейсиң? Мындай карап көрсөң кыргыз эли алты жыл ушундай кем акыл президентке баш ийип жүрүптүрбүз деп калдым. Али жомоктогу “кем акыл кан” дегенди өз көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен укпадыкпы. Көрсө жомок да чындык окуялардан улам жаралат турбайбы.
Улуу ойчул Мишел Нострадамустун адам акылынын канчалык экенине баа бергенине мындай турмуштан көргөн билгендериңизден жыйынтык чыгара аргасыз ишенесиң. Мына, чыныгы мусулман дининин жакшы жактарын теңирден тескери бурмалаган чала сабат динбузар молдо сөрөйлөрдүн азгырыгына арбалып алдангандардын сан эсеби жок. Диндик окуулардын алдында мектеп окуусу шоона эшалбай калды. Адам санынын көбөйүүсүнө да ушу диний түшүнүк себепчи десем жаңылбайым. Себеби “ар бир төрөлгөн балага жараткан ырыскыны кошо берет”- дегенди фанат курмандыктары туу тутуп алышкан. А малжандыктарды да жайытка жараша көбөйтүп, жем кашегин кенен кесир жашоосун эске аласың го. Көрсө фанат курмандыктарына айланган адамдарды көзүнө көрсөтүп да, түшүндүрө албайт экенсин. Мына кечөөкү фанат экс-президенттин талапташтарынын катарында кимдер турду эле. Ар түрдүү улуттун адамдары, депутаттар, Кой-Таш республикасынын фанаттык көз карашына дароо эле азгырылган улуттан куралган депутаттар, саясий ишмерлер. Мына орус Карамушкина, өзбек Анвар Артыков, кыргыз Карамат Орозова, татар Фарид Ниязов ж.б. Айтор, Мишел Нострадамустун дүйнө адамдарынын 90 пайызы фанаттык көз карашка дароо эле азгырылып кетет дегенине ишенбей коё албайсын. Мына акылсыз кандын жооруктарына кимдер көмөктөш, тилектеш болушканын өз көзүбүз менен көрдүк. Эртең эле бул окуя эл оозунда жомокко айланып, “илгери-илгери ушундай акылсыз кан өткөн экен”- деп калышат. Жөн эле кыргыз элин дүйнө элине уят кылбадыбы. Мейли, адам баласында да ар түрдүүсү, жакшы, жаманы, акылдуу, акылсызы бар дегендей бул эми пендесини коштоп жүрчү, турмушта болуп турчу нерсе. Ага адам баласы тээ алмустактан бери көнүп, кээ бир диктатор бийлик башындагылардын жырткычтан айырмасы жок канкорлордун Адольф Гитлерден кийинки Камбоджа Республикасынын баш катчысы Пол Поттун төрт жыл ичинде 3 миллион Камбоджа жараны улуту башка же болбосом Вьетнамдыктарды репрессиялап, ар кандай шылтоолор менен жок кылгандыгын кечөө желелүү интернет булагынан көрүп, мына ашынган жырткычтык деп эсим оободубу. Бир эле жазалоонун эң эле оозго алгысызы күнөөкөр адамдарды моюндан топурака көмүп, кыйла күндөн кийин ал адамдардын башын алып шиш казыкка кадап койгонун көрүп төбө чачым тик турбадыбы. Анан дагы кыжырды келтирген Мао Цзенин Пол Поттун желкесинен таптап “социализмди ушундай бузуку адамдардан тазалоо менен курасың” дегеничи. Айтор көкүрөк өйүгөн айтаар кептен четтеп кеттим окшойт.
Али кыргызда бала тилесең да, балалуу болгуң келсе да мына бул сөздөрдү көкүрөгүңө түйүп ал “акыл эси менен, мээр акыбеттүү, ата-энеге, эли жерине күйүмдүү, дени сак алтайы баланы тиле. Анан да көпөлөк болсун, көп болсун деп көп балалуу болгондун да кадыры болбойт, ушуну унутпа. Аз болсо да купулга толорлук саз болсун”- дешчү эле. Азыр ал сөздүн куну кетип, “канча болсо да төрөй бер, кыргыз көбөйсүн”- дегенге өтүп алдык. “Аз болсо да саз болсун”- деп азыр эч ким оозго албай деле калды. “Баатыр болосун, мамлекет багат, ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт”- дегенге өтүп алдык. Мейли, кыргыздарга али чектөө болбойт, ансыз деле аз калкпыз. А Индия, Кытай, Пакистанга окшогондор миллион эмес миллиарддан ашса да, “дагы көбөйө берсек” деген мамлекеттердин жашоо абалы эске алынып ушинтип отурса “дүйнө эли кандай күнгө туш болот” деген тынчсыздануу ар бир адамдын көкүрөк көйүндө болсо керек . Мейли, адам болгондон кийин анын жакшы жаманы сөзсүз болчу нерсе. Ага адам баласы тээ алмустактан бери көнүп бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде кыйраса, бирде гүлдөп келди. Ушу күндө болуп жаткан табигый кырсыкты бир эле Кытай эли эмес, бүтүндөй дүйнө адамдарын өлүм алкымдап калган учурда өткөн кылымдардын капсалаңдуу окуялары көз алдыңа тартылып, жогорттогу быкпырдай кайнаган адамдардын “тагдыры кандай болот, адам болуп төрөлгөндөн кийин адамча жашаш керек да”- деп каласың. Мынчалык миллиарддан аша төрөлүүнүн кандай пайдасы, кандай кызыкчылыгы бар дейсин. Үч чакырымга жетпеген кыштакчада 1 миллион адамдын жашоосу Индиянын премьер-министри Наменда Модини кызыктырбайт деле окшойт деп ушу макаланы жазууга аргасыз болдум. Сөзүмдүн акырында улуу ойчул, астролог Мишел Нострадамустун ушу биз жашаган кылымга берген мүнөздөмөсүн дагы да эске салгым келет “21-кылым адам баласы тарабынан да, табигат тарабынан да өтө опурталдуу келип, ага адам баласы акылдуулук менен мамиле кылалса гана жер амандыгы, адам амандыгы, жашап кете алат” дегенине мен жогорттогудай түшүнүк арта алдым. Адам санынын көбөйүүсүнө да акылдуулук менен мамиле жасоо керектигин, көптүн кадыры болбой мына мындай капсалаңдуу окуяларга кабылуу коркунучтары эртедир кечтир сөзсүз болорун эскертип, “жер бирөө, аны асырап калуу адам баласынын колунда”- деп эскертип жаткандай.
Булак: Майдан.kg газетасы