Мурдагы президенттин баласы Кадыр Атамбаев Темирлан Султанбеков деген досу экөөсү социалдык тармакта “Соке камалсын” деген аккаунт ачышып, элди пикет, митингдерге, деструктивдүү иш аракеттерге чакырган постторду жазышууда. Алар жакында Бишкекте 16-майда боло турган тынчтык митинги делген утопиялык нерсенин сценарийин жарыялашты. Бишкек менен Ош карантинде турса, кайдан митинг болмок? Ага аракенттенгендер ошол замат кармалып, тийиштүү жерлерге киргизилери турган иш. Бирок, кыялданганга, фантазияларга эч ким чек коё албайт. Бирок, бул экөөсүнүн кыялдануулары жөнөкөй ой жоруулардын, санаа менен байуунун чегинен чыгып, элди ачыктан ачык мыйзамсыз иштерге, тагыраак айтканда, мамлекеттик төңкөрүшкө чакырууга айланып кеткендигин ачык айталы.
Алар кыялдарындагы 16-майдагы гипотетикалык кыялый митингдин сценарийин мүнөттөрүнө чейин жазып чыгышып, акырында өздөрү жеңишке жеткендигин жарыялашыптыр. Сценарийдин негизги каармандары АШАнын балдары, жакындары, А.Мадумаров, К.Кулматов, С.Жапаровдун жакындары, И.Карамушкина, К.Орозова, М.Мадеминов, Ө.Текебаев, Садык Шер, Т.Үмөталиева, Н.Мотуев, митингдин демөөрчүлөрү - Кубанычбек Жумалиев, Өмүрбек Бабанов (бул экөөсүнөн баарын күтсө болот), оор жабыр тарта тургандар - Райым Матраимов, Икрам Илмиянов, эпизоддук фигуранттар УКМКнын, ИИМдин жетекчилери, жооптуу кызматкерлери, азыркы бийликтегилер, алардын жакындары. Садык Шердей дагы бир эки режиссёр, анан Бабанов менен Жумалиевден башка да демөөрчүлөр табылышса, боевик кино кылып тартышса да болмок. Сценарийде эң башкы роль Ирина Карамушкинага ыйгарылган. Ал Жогорку Кеңештин спикери Д.Жумабековду бурчка такап, аракеттеги президентке импичмент жарыялангандыгын маалымдайт.
Кайталайбыз, эч кимге зыяны тийбесе, конкреттүү эч кимдин бедел аброюна доо кетирбесе, ар ким өзүнчө кыялданып, ойлорунан каалагандарын чыгарып, фантастикалык сценарийлерди чүргөй берсе болот. Бирок, эки достун сценарийинде конкреттүү кызмат адамдарынын, байлардын аты-жөндөрү аталып, конкреттүү бийлик органдары жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин ал көркөм чыгарма эмес, конкреттүү иш аракеттердин планы катары каралат. Андай болгон соң сценарийдеги фигуранттар, тийиштүү органдар ага неге көңүл бурбай жатышкандары бизге түшүнүксүз. К.Жумалиев менен Ө.Бабанов: “АШАнын балдарынын андай жомокторуна биздин тиешебиз жок, эгерде биздин фамилияларды аккаунтунан өчүрүшпөсө, сотко беребиз”- дегендей билдирүү жасап коюшса болбойбу?! Конкреттүү саясатчынын аты конкреттүү деструктивдүү иш пландын ичинде жүргөндөн кийин эгерде анын ага тиешеси жок болсо ал тууралуу коомчулукка билдирип койгонго милдеттүү. Же чын эле алар мифологиялык митингди каржылаганы жатышабы?
К.Атамбаев менен Т.Султанбековдун сценарийинде 16-майда Ала-Тоо аянтына адегенде 10 миң адам чогулат, анан алардын саны 30-40 миңге жетет. Чогулгандар 100 миңге чамалаганда бийликтегилер жакындары менен качканга аргасыз болушат. Жогоруда аталгандар салтанат-шаң менен СИЗОлорго, түрмөлөргө барышып, ал жерлерде оор беренелер менен отургандарды чыгарышат. Акыр аягында Нурлан Мотуев да митингдин уюштуруучуларынын арасында экендигин жарыялап, кардиналдуу кадамдарга барганга даяр экендигин билдирет. Ага караганда сценарийлердин авторлору Кыргызстандын жетекчиси катары Н.Мотуевди көргүлөрү келишет окшойт.
Эгерде конкреттүү адамдардын аттары аталбастан кайсыл бир айымдын 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жөнүндөгү көркөм чыгармасындай, бардыгы каймана түрдө берилсе, ага эч ким деле көңүл бурмак эмес, аны кейиштүү фарс катары кароо менен чектелсек болмок. Бирок, сценарийде биздеги гана эмес, чет өлкөлөрдөгү конкреттүү кызмат адамдарынын аттары аталып жаткан соң, ага тийиштүү органдар сөзсүз реакция кылуулары зарыл. Болбосо ич күптүсү барлардын баары эле легитимдүү бийликти кантип кулатып, кантип рецидивисттерди түрмөлөрдөн чыгаруу керектиги тууралуу пландарын, сценарийлерин жазып, аларды социалдык түйүндөргө чыгара беришсе, акырында ал адатка айланып кетсе, алардын коомдогу саясый, психологиялык абалга тийгизген таасири кандай болот?
Цивилдүү, укуктук өлкөлөрдүн биринде да мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Мамлекеттеги саясый, социалдык туруктуулук, элдин тагдыры, келечеги эриккендердин, зериккендердин оюндарына айланбашы керек.
Булак: Майдан.kg газетасы