"Келе албай жаткандар жалгыз эле биз эмес. Өзбекстан "эмне болсоңор ошо болгула" деп чек арасын жаап алды. Тажикстан дагы өзүнүн мигранттары үчүн эч жардам кылган жок.
Кыргызстан - бир нече жолу чартердик рейстер менен өз жарандарын алып келди. Түшүндүрүү иштерине карабай жолго чыгып алгандардын 500үн автобус менен алып келди. Калганын Оренбургдагы лагерге жайгаштырды. Арасында " жок биз чатырга жашайбыз" дегендерине чатыр тигип берди.
Элчилик, кыргыз диаспоралары биргелешип азык-түлүк таратып жатышты. Ошондо дагы нааразы болуп "Ушул элеби, муну мышыгыма берем" дегендер болду. Элчиликтин эшигин тепкилеп, сөгүнүп-сагынып жатышты.
Ушул кезде Өзбекстан, Тажикстандык мигранттар эч кимге милдет деле кылган жок. Мына бүгүн дагы Москвадан 400гө жакын мекендешибиз атайын учак менен жөнөтүлдү.
Ушундай болуп жатса дагы Токтайым Үмөталиева, Гүлзат Мамытбек ж.б сыяктуулар улам элди дүрбөтүп, пиар кылганын токтотпой жатат. Алар, балким чын эле күйүп, жардам бергиси келип жаткандыр, бирок жалпы абалды эске алышы керек да?! Улам чыга калып, оозун ары-бери чоюп, сабыры кетип жаткан элди козутуп, бузукулук кылып жатат. Сабырдуу болбойлубу? Эмне кереги бар бузукулуктун. Ушундай аракетиңер менен элдин сабырын түгөтүп, кыжырын кайнаткандан башка кандай жардамыңар тийип жатат? Токтайым эже сиз жок дегенде 1 мигранттын билетин алып, же түштөндүрүп койдуңузбу?
Силерсиз дагы тийешелүү органдар күнү-түнү эл менен иштеп жатат. А силер болсо ушак, калп, бузукулук гана кылып, негативдүү маалыматтарды таратуу менен алексиңер!
Азыр дүйнөнү каптаган кыйын учурда, сабырдуулук, ынтымак гана керек. Бузукулук жана пиар кылууга алдыда убактыңар кенен.
Ушулар кайрылуу кылса эле бийлик кыймылдап, ушулар кайрылуу кылбай койсо эле иштебей кое тургансып, кыпчылып тажатышты",- деп жазды Д.Орунбеков "ФБдагы" баракчасына.