Т.Саралаев сөз арасында Т.Үмөталиеваны какшыктап, ага “В.Путиндин жана Казакстандын президенти К.Ж.Токаевдин жардамчылары “мигранттардын проблемаларын чечиңиз” деп телефон чаларын” айтып күлдүрдү. Чындыгында, муну укук коргоочу уялбай-этпей эле айтып жүрбөйбү...

“- Ушул сөздөрдү  ал кишинин деңгээлине түшүп эч жазбайын дедим элем, аргасыз ачык жазып жатам, мажбурланып, туура түшүнгүлө, анткени чектен чыгуу болуп кетти. Кыргызстандагы “НПОлордун” башчысымын деген Токтайым Уметалиева эже бар. Аны менен аласа-бересем жок эле, бирок соңку бир айдай болуп калды, табиятта жок нерселерди айтып эле көпчүлүктү тажатты. Менин номеримди таап, биринчи жолу мага чалганда, эже чу дегенде эле ажылдап, негедир күнөөлөп, урушуп чалды. Мен сылык эле формада,  эскертүү бердим, “эже башка тон менен сүйлөшөлү, кыйкырбаңыз” деп сурандым. Дагы 3-4 жолу чалды, тааныштарынын маселелери бар экен, четинен чечип бердик, жок дебей, сөзүн эки кылбадым.

Андан кийин эле, жин тийгенби, эмне болгонун өзүм деле түшүнбөй калдым, кызыктай нерселерди айтып, тиешеси барына-жогуна деле күнөөлөп, көөлөп, “коррупция, бекинип алды-жатып алды, сотко бериш керек, ал эле-бул эле” ж.б.ж.у.с. деп өз баракчасы аркылуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигин элдин душманы катары эсептеп, элдин башын айлантып, капкайдагы сөздөрдү айтып алды да, жатып калды.

Мейли эмне дейт, өз укугу, айта берсин дейт элем, бирок Россиядагы бир топ мекендештер анын аудиожазууларын  ватсап топтордон угуп алып, бир топ адамдар Оренбург облусуна тынч жаткан жеринен жөнөп кетип калышпадыбы. Алар “койгула туугандар”- деп, суранып-жалынса да уккан эч кимди жок. Мен билбейм, эженин “чакуруктарына” юридикалык баа бериш керекпи, же жокпу, бирок менин оюмча карапайым элдин ишенимин кыянаттык менен колдонуусуна сөзсүз баа берилиш керек.

Азыр болсо, менин түшүнгөнүмө караганда кыргыз мигранттар кайсы жерде болбосун, ошол жерлерге мурдун тыгып, Россиядагы мигранттардын башын айлантканы аз келгенсип, ал жакты да чайкоодо. Себеби, алардын арасында да адекватуулугу чоң суроолорду жараткан кишилер бар экен, араб эмираттарында жана башка өлкөлөрдө болгон нерселерди өзү жана өзүнө окшогон тарапташтары бизге чаптай баштады, ар жактан чыгып ажылдап. Биз эмне ТИМ болуп калдыкпы, же баарына жооп бере турган тараппызбы эженин ою боюнча, эч түшүнбөй калдым?!  Калп айтуунун да чеги бар да, же унчукпаса эле урдура бериш керекпи?!

Так ушул жалган сөздөрүн такыр айткым келген эмес элем, айла жок айтып жатам, коомчулук ким экенин билиши керек. Анын тегерегиндеги балдарына айтканын караганда, эжеге Россиянын президенти В.Путиндин жана Казакстандын президенти К.Ж.Токаевдин жардамчылары чалат экен – “мигранттардын проблемаларын чечиңиз” деп. Ал эми мага болсо, алгачкы телефон чалганда – “жар салбай жатабыз, бирок бүт учактарды Кыргызстанга мен уюштуруп жатам”, деген. Мен ичимен – “мейли, сизби, башкасыбы, кимиси болсо да, учсунчу” дегем элем, унчукпай.

Азыр болсо, анын эртеден кечке чейинки иши соц.тармактарга олтуруп алып ар кайсы калпты чындай кылып айтуу эле болуп калыптыр. Ушунчалык чындап элге жардам бергиси келсе, акча салсын, тамак-аш жөнөтсүн ж.б. реалдуу нерселерди кылсын, эч ким жолтоо болбойт. Ал түзүп койгон тизмелер менен ватсап топтор ар бир 100чү мигрантта бар, эже ойлогондой ал уюштуруу иштери эмес.

Көрөсүңөр го эми, жакынкы арада боло турган рейстерди “мен кылдым” дейт, мейли десин, талашпайбыз, биз кылдык деп деле айтпайбыз. Аны эл сындаган президенттин аппараты, өкмөт, Жогорку Кеңеш, ТИМ жана элчилик кылып жатат. Калгандардын баарынын эч тиешеси жок, алар коштоочу иштерди гана кылууда”,- деп жазат Тимур Саралаев “ФБдагы” баракчасына.