Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымы боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1117 адамга жетти. Ал эми, бир сутка ичинде 38 бейтап айыккан. Муну менен өлкөдө жалпы 783 адам коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 3 адам;
- Ош шаарында 1 адам;
- Ош облусунда 1 бейтап;
- Баткен облусунда 1 адам.
Булардын ичинен Казакстандан жүк ташыган бир адам жана үчөө чет өлкөлөрдөн жүк ташып келген айдоочулар. Эскерте кетсек Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан 14 киши каза тапкан.