Бул тууралуу 15-майда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда комиссиянын төрайымы Нургүл Бакирова билдирди.
Анын айтымында, 18 судьяга сөгүш жарыяланып, 155 судьяга алдын ала эскертүү берилген. 42 судьяга эскертүү берилип, кынтыксыз болуу талабын бузганы үчүн сегиз судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
Жээнбеков элден арыз түшкөн судьяларга карата талапты күчөтүү керектигин баса белгиледи. Тартип комиссиясынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылууга, санарип форматка өткөрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.
Судьяларды жоопко тартуу маселелерин караган Тартип комиссиясы 2017-жылы түзүлгөн. Ал көз карандысыз коллегиалдуу орган.
Булак: Азаттык