Бул тууралуу  бүгүнкү онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымы боюнча Нарын облусунун ооруканадагы 84 жаштагы аял киши жана Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 55 жаштагы эркек киши көз жумган.

Ошону менен Кыргызстанда коронавирус инфекциясы  менен жалпы 14 киши каза тапты.