Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 1111 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 10 бейтап сакайды. 

Ошону менен Кыргызстанда жалпы 745 адам  коронавирус  илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 6;

- Чүй облусунда 4;

- Ош шаарында 4;

- Жалал-Абад облусу 2;

- Нарын облусунда 11;

- Ысык-Көл облусунда 1;

- Ош облусунда 1.