Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин бир кезде студенти болуп, кийин ал иштеген политехникалык (азыркы И.Раззаков) институтта лаборант болуп иштеп жүрүп эле устаты президент болуп калганда жомоктогудай карьерага жетип, президенттик аппарат жетекчиси, транспорт министри, Жалал-Абад  облусунун губернатору, премьер-министрликке чейин жеткен, азыркы ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев менен анын жубайы, айтылуу дастанчы-ырчы Роза Аманованын байлыгы тууралуу мурда деле эл арасында аңыз кептер айтылып келген.

Бирок мурда прокуратурада иштеп кеткен Сыймык Жапыкеевдин видеосунан кийин ошол имиш сөздөр коомчулукта бомбадай жарылып кеткен болчу. Анда Жумалиевдин эсепсиз байлыгын текшерүү, кантип байлык топтогондугун териштирүүнү тиешелүү органдарга сунуштаган. Бирок башкы каарман өзү телеканалдардын бирине берген маегинде ал тургай “Мен мамлекеттик кызматты аркалап турганда эч кандай коррупцияга аралашкан эмесмин жана байлыгымды ак эмгегим менен тапканмын...”,- деп Ыйык Куранды кармап сүйлөгөн.

Ошол эле учурда 13-майда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов премьер-министр М.Абылгазиевге кайрылып, Кыргызстанга Эгемендүүлүк алган жылдары 10 млрд. сомго жакын каражат келгендигин, аны даректүү сарптабай, ич ара бөлүштүрүп алган мурдагы аткаминерлер жоопко тартылууга тийиш экендигин билдирди.

“Мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирип, түрдүү эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттерден алынган акчаны даректүү жумшабай, ич ара бөлүп алган мурдагы аткаминерлер жоопко тартылышы зарыл. Өкмөт башчы катары сиз демилгени колго алышыңыз керек. Азыр коомдо нааразылык күчөп жатат”,- деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе боюнча Мамлекеттик мүлк фонду текшерүү жүргүзүп жатканын маалымдады.

11-май күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) парламент депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча текшерүү баштаганын жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, депутатка карата Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” жана “Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу” беренелери боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.