Акырындык менен чектөөлөр алынып, эл күнүмдүк турмушка кайта баштады.
Аймакта коронавирустун жайылып кетишин алды алуу максатында көрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы байкалууда. Облуста 20-март күнү вирус аныкталгандан кийин Ноокат жана Кара-Суу райондорунун тургундары 40 күндөй “Өзгөчө абал” режиминде жашашты. Ал эми облустун калган райондорундагы эл “Өзгөчө кырдаал” режиминде болуп, азыр бардык райондордо өз ишин аткарып жатат.
Алгач коронавирус жуктуруп алгандардын баары облустук ооруканага жаткырылган. Азыр аталган бейтапканада COVID-19 менен ооруган бир дагы адам калган жок. Ал жакта учурда дезинфекция иштери жүрүп, башка бейтаптарды акырындап кабыл ала баштады. Ал эми вирус жугузуп алган дарыгерлердин көбү айыгып чыккан.
Ал эми жашы улгайып калган жарандарды айылыгын сактоо шарты менен аралыктан иштөөгө жөнөтүшкөн.
Учурда штаб уруксат берген тармактар иштеп жатканы менен алардын санитардык-гигиеналык абалдары атайын топ текшерүүгө алып, рейддерди жүргүзүшүүдө. Анда аларга талаптарды так аткаруу менен иштөөгө кеңеш берип жатышат. Эгерде талаптарды аткарбагандардын айрымдарына эскертүүлөр берилсе, кээлерине айыппул салынып, айрым ишканаларды жапканга туура келип атат.
Тоолуу райондордо мал базарларын иштетүүгө 11-майдан баштап уруксат берилген.
Облуста жалпысынан 181 адам коронавируска чалдыккан болсо, анын дээрлик көпчүлүгү, тактап айтканда, 152 адам айыгып чыкты. Облуста вирус жугузгандардын жарымынан көбү чет мамлекеттерден келгендер болгон.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №13 (448), 15.05.2020-ж.