Бул маалыматты бүгүн эртең мененки онлайн жыйында суроолорго жооп берип жатып саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Буга чейин социалдык түйүндөрдө видео тасма тарап, анда аксылык экенин айткан кош бойлуу келин төрөтканалардан кабыл албай жатканын ыйлап айтып берген. Ага кош бойлуулуктун мөөнөтү жана документтери жок болгонун себеп кылышкан.
«1982-жылы А.Э. (видеогу келин) учурда шаардык перинаталдык борбордо. Кечээ баласы өлүү төрөлдү. Өзүнүн абалы жакшы. Ал буга чейин 3 балалуу болгон», - деди М.Каратаев.
Бул маселе иликтенип, тиешелүү чара көрүлө турганын кошумчалады.
Булак: Баракелде