Бул тууралуу ал өзүнүн расмий сайтында билдирген.

“Ишкерлер өз ишмердүүлүгүн калыбына келтирип, жумуш орундарын сактап калып, туруктуулугун камсыздоо менен алек болуунун ордуна уруксат кагаздарын чогултуп, сааттап кезекте турууга мажбур болуп жатышат. Салык кызматына мөөр бастыруу үчүн баргандар өтө көп топтолууда, бул вирустун жайылышына шарт түзөт”, — деп билдирет Робин-Орд-Смит.

Ошону менен катар бизнес-омбудсмен тийиштүү мамлекеттик органдарды ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп, тез арада көзөмөлдөө-өткөрүү системасын таптакыр алып салууга чакырды.

Эске салсак, 11-майдан тарта Бишкекке киргизилген карантинге байланыштуу айрым чектөөлөр каралган. Шаардын аймагында жүрүү уруксаттын негизинде болору айтылган.

Иштөөсүнө уруксат берилген жеке ишкерлер, ишканалардын кызматкерлери шаарда жүрүү үчүн иштеген жеринен маалымкат алып, аны тиешелүү райондук салык кызматына барып, мөөр бастырып алуу керек.

Ал эми жеке ишкерлердин колунда патенти болушу керек.

Булак: Элгезит