Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Сутка ичинде Бишкек шаарынан 10, Баткен облусунан — 4, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 726 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды», — деп билдирди ал.
Ал кошумчалагандай, коронавируска чалдыккандардын дээрлик 70 пайызы айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 7 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1044 учуру катталды. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болгон.
Булак: Элгезит