Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 1044 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 17 бейтап айыкты.
Ошону менен өлкөдө жалпы 726 адам коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Жаңы катталган учурлар:
- Чүй облусунда 5;
- Ош облусунда 1;
- Нарын облусунда 1.