Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буга чейин парламенттин жыйынында айтылган анын сөзү контексттен тыш чечмеленгенин белгиледи.

«Тийиштүү мыйзам, Өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча каражаты бар», — деди Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы белгилегендей, пенсияларды, айлык акыларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча маселе жок.

Эскерте кетсек, Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өзгөчө кырдаал шартында мыйзам боюнча айлык акы үч эсе көп төлөнүп берилүүгө тийиш экенин, бирок алар бюджетти колдош үчүн андан баш тартып жатышканын айткан.

Өкмөт башчысынын бул сөзүн айрым депутаттар сынга алып, милиция кызматкерлери өзгөчө абал шартында иштегени үчүн кошумча акыны төлөп берүүнү талап кылышкан. 

Булак: Элгезит