Кыргызстандын 50гө чукул жараны Москвадагы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдына чогулуп, мекенине жөнөтүүнү талап кылууда. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазды.

«Чогулгандардын бир катарлары РИА Новостинин кабарчысына жашаганга каражатсыз, баш калкаларга турак жайсыз калганын айтышты. Ал арада элчилик карантинге жабылган», — деп айтылат маалыматта.

Абалды 20га чукул гвардиячылар көзөмөлдөп, чогулгандарды коронавирустан улам аралыкты сактоого чакырып жатканы кабарланды.
Белгилей кетсек, бүгүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстан чет жактагы жарандарды алып келүү боюнча иштер мүмкүнчүлүккө жараша жасалып жатканын билдирген. Ал май айында 1 миң кыргызстандыкты мекенге алып келүүнү пландалып жатканын, анын ичинен Москва шаарынан 402 жаран алып келинерин айткан.

Булак: Элгезит