Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 1037 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 21 бейтап айыкты. Ошону менен Кыргызстанда жалпы 709 адам коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 10;
- Чүй облусунда 1;
- Жалал-Абад облусунда 3;
- Нарын облусунда 7.