9-майда ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы сейил багындагы асфальттан жарака кете баштады. Мындай видеону бишкектик тургун Максим Золотых социалдык тармакка жүктөдү.

Видеонун автору сейил бакка караган көчөгө бир гана кат асфальт куюушуп, ага жол белгилери чийилгенин көрсөткөн. Сейил бак ачылган күндүн эртеси асфальттан жарака кеткен. Жергиликтүү тургундун айтымында парктын өзүндөгү тротуарлар дагы сапатсыз материалдардан жасалып, бузула баштаган.

Бишкектин мэриясы түзүлгөн абал боюнча Vesti.kg сайтына кийинчерээк маалымат беришерин убадалады.

Источник: vesti.kg