Маек учурунда Алия карантин учурундагы кыйынчылыктар тууралуу өй-бөлүшүп, үй-бүлөсү жана атасы менен болгон мамилеси жөнүндө айтып берди.
«Менин атам мен үчүн үлгү. Ал чынчыл адам. Намыс атам мен үчүн үлгү. Анын чынчыл экендигин билем. Кандай абал болбосун, туура чечим кабыл алат. Жада калса ага жакын адамынан баш тартууга туура келсе дагы. Тууганчылык мамиле үчүн ал эч качан жаман нерсеге аралашпайт », — дейт Шагиева.
Алия Шагиева Алмазбек Атамбаевдин кыздарынын кичүүсү. Андан улуу Диана, Динара аттуу эжелери жана Сейитбек, Сейтек жана Кадырбек аттуу эркек бир туугандары бар.
Ал сүрөтчү жана эмгектери менен түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келет.
Булак: Элгезит