“Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат”, - деди бүгүн ыкчам штабтын жыйынында КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев.
2020-жылдын 11-майынан тарта карантиндик режимде төмөнкү багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет:
Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:
• микрофинансылык уюмдар;
• камсыздандыруу компаниялары;
• ломбард;
• акча алмаштыруу пункттары;
• кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
• туристтик агенттиктер;
• адвокаттык кызматтар;
• басма кызматтары.
Калкты тейлөө кызматтарынан:
• сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
• тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
• химтазалоо.
Соода чөйрөсүнөн:
• курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
• автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары;
• тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары;
• автосалондор – авторыноктордон сырткары.
Массалык маалымат каражаттары.