Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  бүгүнкү онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымы боюнча, муну менен Кыргызстанда коронавирус илдети  менен чалдыккандардын жалпы саны 1002 адамга жетти.

Жаңы катталган учурлар:

Нарын облусунда - 1 учур;

Бишкек шаарында - 2;

Жалал-Абад облусунда - 5 учур;

Ош облусунда - 3;

Чүй облусунда - 56 (алардын ичинен 55 адам Соль-Илецк шаарынан Казакстан аркылуу келгендер)

Баткен облусунда - 4 адам.