Урматтуу мекендештер,

Эртең, 9-майда бүткүл дүйнө жүзүндө Улуу Ата мекендик согуштагы советтик аскерлердин Жеңишине 75 жыл болот. Биринчи кезекте согуш ардагерлерин, ошондой эле оорукта эмгектенүү менен Улуу Жеңишке опол тоодой салым кошушкан аталарыбызды, апаларыбызды бул чыныгы күжүрмөндүктүн, баатырдыктын символуна айланган, эстен кеткис, эч унутулгус майрамы менен куттутайбыз.

Фашисттик баскынчылардын бүт жер жүзүн тизелетип, элин тукумкурут кылууга же болбосо түбөлүк кулга айландыруу максатында баштаган согушунун натыйжасы адамзат үчүн эстен кеткис трагедияга айланып, бардыгыбызга сабак болду: тынчтыктын баа-баркын ошондуктан ар дайым биле жүрүү, ошол эле учурда бизге бул ачык асманды алып келген ата-бабаларыбыздын, ооруктагы эмгекчилердин баатырдыгын унутпай сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз болушу керек. Ошондо гана биз кан кечип ата-мекенибизди сактап калган аталардын, энелердин алдындагы карызыбызды азайткан болобуз, а андан кутулуу эч мүмкүн эмес, 1945-жылдын 9-майында алардын бизге тартуулаган белегинин баасы жок!

Жаңыдан эсептөө, тактоолорго караганда, Улуу Ата мекендик согушка Кыргызстандан 400 миңден ашык адам же болбосо, ар бир төртүнчү республиканын жараны жөнөп кеткен. Кыргыз жоокерлеринин согуштагы эрдиктери жердешибиз - генерал-майор И.В.Панфилов башкарган 316-аткычтар дивизиясы, анын катарында Советтер союзунун баатыры болгон алты кыргызстандык Дүйшөнкүл Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Шемякин жана Григорий Петренконун ысымдары менен байланыштуу. Биз Чолпонбай Түлебердиевдин Дон дарыясынан сүзүп өтүүдөгү эрдигин жакшы билебиз. Ошондой эле сержант Дайыр Асанов, куралдын мээлөөчүсү - кенже сержант К.Жаркынбаев, штурман-учкуч Талгат Бегельдинов сыяктуу согуш талааларында өзгөчө күжүрмөндүгүн көрсөткөн аталарыбыздын баатырдык жүрүштөрүн көпчүлүк кыргызстандыктар, атүгүл дүйнө жүзүндө азыркыга чейин тамшануу менен эскерип жүрүшөт. 1945-жылдын 1-майында капитан Б.Байбулатов, улук лейтенант А.Сүйүмбаев, пулеметтук расчеттун командири сержант Н.Оморов жана гвардиячы А. Исмаиловдун рейхстагга Советтер союзунун туусун көтөрүшкөн эрдиги символикалуу, анткени мына ушул фактынын өзү кыргыз жоокери эркиндик үчүн күрөштө баспаган жери калбагандыгын айгинелеп турат. Жалпы-жонунан бул капсалаң согушта 74 кыргызстандык жоокерлер Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган, андан тышкары ар кандай орден-медалдар менен миңдеген кыргызстандыктар сыйланган.

Кыргызстандын ооруктагы эмгекчилеринин дагы бул Улуу Жеңишке кошкон салымдары баа жеткис. Алар оорукта эмгектенүү менен Советтер союзунун Кызыл армиясын айыл чарба азыктары, согуштук техниканын керектүү тетиктери менен үзгүлтүксүз камсыз кылып келген.

Урматтуу мекендештер!

Себепсиз эч нерсе болбойт. Бирок, Гитлердик Германия эч себеби жок эле адамзаттын тарыхындагы эң кесепеттүү согушун баштап ийген. Фашисттик идеология жеңип кеткенде кандай болот эле, бир саамга элестетип койсоңуздар болот. Ошондуктан, дагы бир жолу белгилеп кетүүбүз керек – аталардын, апалардын бизди Улуу Жеңиш менен кантип камсыз кылганын биле жүрүү, урпактарга айтып, баа-баркын туюндуруу жалпы бардыгыбыздын парзыбыз. Майрамыңыздар менен! Катары улам суюлуп бараткан согуш ардагерлерине, ооруктагы баатырларыбызга таазим! Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

“Ата-Журт” мекенчил саясий партиясы:

Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев.