Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери 3 жолу ПЦР-анализ тапшырып, анын экөөсү терс чыккан. Учурда ал обсервацияда дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жуктуруп алган деп айтууга азырынча эрте.

Ошондой эле, ЖАМК Саламаттыкты сактоо министрлиги тактала элек маалымат берип жатканын белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, 8-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев СИЗО-1де бир кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгын билдирген.

Булак: Элгезит