Мындай маалыматты аталган оорукананын башкы дарыгери Малик Исмаилов “Азаттыкка” билдирди.
«Эки кабаттуу төрөткана жана хирургия бөлүмү толугу менен жабылып, ал жерде илдетке чалдыккан 12 адам дарыланып жатат. Мындан сырткары терапия, балдар бөлүмү да COVID-19 менен ооругандарды кабыл алууга даярдалган. Жалпы 19 бейтап изоляцияга алынган. Тургундар арасында оору туралуу ишенич жок болуп жатат. Дарыгерлер милиция кызматкерлеринин жардамында гана бейтапканага жеткирилип жатат” — дейт башкы дарыгер.
Аймактагы төрөткана №6, жатып дарылана турган башка бейтаптар №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна көчүрүлгөн. Ал эми операция жасалууга муктаж, абалы оор бейтаптар Ала-Бука районуна жөнөтүлүп жаткандыгы айтылды.
Эскерте кетсек, Чаткал районунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал курчуп жатканын 7-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген. Учурда аталган район боюнча 13 адамдан илдет аныкталган.
Ошондой эле милиция дарыгерлердин талабына баш ийбей, аларга кол көтөргөн фактысы боюнча ишти тергеп жаткандыгы белгилүү болгон.
Кыргызстанда 8-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 906ны түзөт. Алардын ичинен 650 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду
Булак: Элгезит