Бирок үстүбүздөгү жылы дүйнөлүк пандемиялык курч абалга байланыштуу Россия Федерациясынын бийлиги Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесин белгилөөгө карата аскердик парадды өткөрүүнү башка убакытка жылдырды.

Ал эми Кыргызстанда болсо мамлекеттик деңгээлде массалык майрамдоого чектөө коюлду. Бирок Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тылдын катышуучуларына өткөн жылдардагыдай эле өзгөчө көңүл бөлүнөрү убадаланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары элдин кеңири колдоосуна ээ болгон массалык акция —  «Өлбөс полк» иш-чарасын онлайн форматта өткөрүүнү сунуштады жана Жалпыга маалымдоо каражаттарында Улуу Жеңишке арналган долбоорлор кеңири чагылдырыларын белгиледи.

“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги өз кезегинде Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын утурлай, согушта эрдик көрсөткөн ата-бабалардын тайманбас эмгегин эскерүү максатында 1941-жылы согуш башталган мезгилдин кыш маалында тартылган сүрөттөр архивин сунуштайт.

Москваны коргоодо асмандагы учакка карап атууну мелжеп жаткан топ 

Москва жоокерлеринин жалпы аскердик окуулары (1941-ж.)

Москваны коргоо. Аскердик көнүгүүлөр (1941-ж.)



Москвада жаан-чачын учурунда бийиктен дүрбү салуу

Москванын четиндеги совет аскерлери. Батыш фронту (1941-ж.)

Москва четиндеги Волоколам шоссесинде чегинген фашисттерден калган аскердик техника

Кызыл Армиянын эки аскери оодарылып жаткан немис танкасынын жанында турат

Москванын тегерегиндеги айылга кирип келген фашисттерге каршы аскердик чабуул (1941-42-ж.) 

 Батыш фронду. Москваны коргоп жаткан согушчанда

  

Батыш фронду Москваны коргоп жаткан мезгил

  

Москваны коргоо, Батыш фронду (1941-ж)

 

Сүрөттөр may9.ru сайтынын архивинен алынды.

 

Булак: media-center.kg