Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин СИЗО-1 мекеменин кызматкеринен коронавирус аныкталган деген маалыматты ЖАМК четке кагат.

Такталгандай, 4-майда СИЗО-1де өткөн эксперсс-тестте бир кызматкерде аталган оору болушу мүмкүн деген шек жаралган. 5-майда кайра тапшырган анализдин жыйынтыгы таза деп көрсөткөн.

— Байланышкан болушу мүмкүн деген бардык адамдарга жана СИЗО-1дин бардык өздүк курамына карата зарыл чаралар өткөрүлдү. Баары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү таза чыгышты. Учурда вируска шектелген кызматкер обочолонуп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Планга ылайык бүгүн, 7-майда СИЗО-1дин кызматкерлери дагы тесттен өтүшөт, — деп билдирет ЖАМКтын маалымат кызматы.

Буга чейин социалдык тармактарда айрым укук коргоочулар СИЗО-1дин кызматкеринен коронавирус чыкканын билдиришкен.

Булак: Маралфм