Жалал-Абал облусунун Ноокен районунун Кара-Булак жайлоосуна бара турган жолдо “Хундай Портер” үлгүсүндөгү автоунаа кырсыкка кабылып, бир окуучу каза болду. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Олжобаев “Азаттык” радиосунда окуянын чоо-жайын айтып берген.
«Маалыматка караганда 25 жаштаны Ноокен айылынын тургуну өз автоунаасында Кара-Булак жайлоосуна үч окуучу менен мал алып келүүгө бараткан. Кыр-Жон жайытында автоунаасы бузулуп, колотко тушүп кеткен. Натыйжада 17 жаштагы бала жеринде каза болуп, үчөө райондук ооруканага жеткирилген. Жабыркагандар жана каза болгон бала райондогу №7 Артык Төрөгелдиев атындагы мектептин 11-классынын окуучулары болушкан. Учурда окуяны ички иштер органы териштирип жатат», – деди Олжобаев.
Билим берүү бөлүмүнүн башчысы кошумчалагандай, социалдык түйүндөрдө тараган “Окуучулар тоого эс алууга бара жаткан” деген маалымат жалган. Ноокен райондук ооруканасында жаткан жабыркагандарын абалы орто экенин аталган бейтапканадан билдиришти.
Булак: Элгезит