Тамада Эрнест Бөрүбаев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун коомдук кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу өзү маалымдады.

Бөрүбаев карантин киргизилгенден бери жигердүү түрдө ыктыярчылык ишмердик менен алектенип, күнүмдүк кирешесиз калган кыргызстандыктарга жардам берип келет.

Тамада кечээ Улукбек Кочкоров ардак баракча менен сыйлап, күбөлүк тапшырганын айтып берген.

«Бул мага күтүүсүз сыйлык болду», - деп жазган Борубаев.

Булак: vesti.kg