Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Сопу-Коргон, Таш-Короо, Кара-Шоро ж.б. айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Булак: Элгезит