Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Аты жаман таажы вирус бүт ааламды алдастатып турган чакта алакандай мекенибизде дагы бир табийгый апаат болуп, мекендештерибизге түйшүк салды. Лейлекте каттуу жаандын кесепетинен улам сел жүрүп, жай турмуш кечирген карапайым адамдардын мээнет менен тапкан там -ташын, короо- жайын, гүлдөгөн чарбагын тыптыйпыл кылып кетти.
Табияттын кырсыгы айттырбай келет экен. Жаз алды менен маңдай тер төгүп эринбей эмгек кылып, күздүн берекесине үмүт арткан дыйкандар көз ирмемде баарынан кол жууп калганын көрүп жүрөк ооруйт. Тилсиз жоо айрымдардын үйүндө жеп отурган унун, короосундагы мал жанын, айрымдардын жылдап тапкан кирешесин бүт агызып кетти. Кудайга шүгүр, жаратканга миң рахмат адам өмүрүнө зыян болгон жок. Алтын баштары аман болсо акырындап баары оордуна келет буйруса. Бирок ийнең жоголсо да ичиң ачышат дегендей бүгүн бар тапканын селге алдырып отуруп калган мекендештердин абалы оор. Алар моралдык жана материалдык колдоого муктаж. Мен бүгүн жеке үй- бүлөлүк бюджетимден тилсиз жоодон жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү максат кылдым. Буга чейин да далай ирээт тапканыман үлүш бөлүп түрдүү кырдаалда түрдүү адамдарга жардам кылып келгем бирок бир колун бергенди бир колун билбесин деген принцип менен эч качан жарыялаган эмесмин. Көкүрөк көөнүңдү аруулаган кайрымдуулук, жакшылык иштер бакыт жолдорунун бири экенин өз тажрыйбамдан билем. Ооба буга чейин жар салбай жардам көрсөткөндөй эле бул жолу да жар салбасам болмок. Бирок жакшылык иш жугуштуу болуп, катарыбыз көбөйсө , көптүн колдоосун сезген мекендештерге күч кубат болоор деп үмүт кылдым. Көпчүлүк кадырлаган, билимдүү, дин аалымы ажыкебиз Чубак ажы да жардам көрсөтүүнү ачыктап туруу пайдалуу экенин айткан соң бул жолу атайын чакырык таштоону туура таптым.
Чакырык таштайм ,мекендештердин кайгысына кайдыгер карабаган замандаштарыма, Кыргызстандын ар бир атуулуна кам көрүүгө даяр ата журттун кеменгер, акылгөй , колунда бар уул- кыздарына, ага эжелерге , дүйнөсү бай, кең пейил катардагы баардык жарандарга, баарыңыздарга чакырык таштайм.
Ыйык Рамазан кунундо , Аллахым ыраазы болсун!
Лейлек районунун акими Баймурат Асатович ава сизге да чоң рахмат, эл менен болуп күнү-түнү иштеп жатасыз. Үй-бүлөбүздүн атынан Лейлекте табият кырсыгы , сел апаатынан жабыр тарткандарга 6 тонна ун, 1 тонна май, 500 кг макарон таркаттык. Чындыгында жапа чеккендер абдан көп. 100 дөн ашык үй-бүлөгө өз колубуз менен, жеринде барып көрүп бердик! Кайрымдуулук иштеримди эч качан жарыялаган эмесмин , бул жолу тартып көрсөтүүнү туура көрдүм !
“Алган колдон – берген кол артык” – дейт , берүүчү кол бололу замандаш. Тилсиз жоодон жабыркаган мекендештерге кол суналы. Көп түкүрсө кол болот, тамчыдан көл куралат. Биримдик баарын жеңет!
Карегимде мекеним!”
скерте кетсек, 2-май күнү кечке жуук мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын айынан Лейлек районундагы бир катар айылдарында сел жүргөн. Үйлөрдүн короолорун суу каптап, аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Булак: Элгезит