Вице-премьер сөзүндө аймакка барып келгенин, Тажикстандагы кырдаалдан улам кыргыз-тажик чек арасы өзгөчө көзөмөлгө алынганын белгиледи:

“Өткөн аптада чек арадагы аймактарды кыдырып келдим. Тажикстанда коронавирус илдети тездик менен жайылып жатканына байланыштуу чек араны көзөмөлдөөнү күчөтүп, чек арачылардын санын көбөйттүк”, - деди Мадумаров.

Кыргызстанда 6-майга карата акыркы суткада коронавирус илдетин жуктурган 28 адам катталды. Алардын ичинен төрт адам Тажикстанда жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер болгон.

Буга чейин Тажикстанга жүк ташып иштеген Лейлек районунун тургундары аталган илдетке чалдыгып, ооруканага жаткырылган.

Тажикстанда коронавирус жуктургандардын саны 300гө чукулдаганы кабарланууда.

Тажикстан коронавирус илдети эң кеч аныкталган өлкөлөрдүн бири. Бул өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандар тууралуу алгачкы маалымат 30-апрелде таратылган.

Булак: Азаттык