Бирок Бонецкий лабораториясы адамдардан вирус бар же жок экендигин тастыктаган анализдерди кабыл албай тургандыгын маалымдады.
«Интернетте бизди 2000 сомдон акча алып жеке адамдардан вирус бар же жогун аныктайт деген жалган маалымат таратып жатышат. Биз азырынча эч кимди текшербейбиз. Жеке адамдар боюнча чечим кабыл ала элекпиз. Ал эми дарыгерлерге, укук коргоо органдарына бекер тест жасап беребиз. Баардык тесттерди бизге саламаттыкты сактоо министрлиги өзү берет», — деп айтылат маалыматта.
Булак: Элгезит